Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Автор

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең, 14-июнда саат 09.00дөн 20.00гө чейин Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу Тунгуч кичирайону, Рухий Мурас, 44 Га конуштарында суу берүү убактылуу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эл өкүлдөрүнүн этика кодекси өзгөрөбү?

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тарабынан түзүлгөн депутаттык этика кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өттү. Парламенттен билдиришкендей, жыйында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Демократиялык башкаруу жана гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн