9-декабрга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 9-декабрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1,

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4,

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТОдогу АКШнын аскерлеринин саны кыскарды

НАТО өлкөлөрүнүн аймактарында жайгашкан америкалык аскер кызматкерлеринин саны 80 миңге чейин кыскарды. Бул тууралуу америкалык лидер Жо Байдендин Конгресстин палаталарынын жетекчилигине жазган катында айтылды. Документте белгиленгендей, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аймактарында жайгашкан америкалык аскер кызматкерлеринин саны 2022-финансы жылында 90 миң аскер кызматчысынан 2023-финансы жылында 80 миңге чейин кыскарган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн