ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Автор

Бүгүн-эртең туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

ӨКМ коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарылдыгын эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 7-августка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.7 сомдон  болсо, сатуу  88.1 сомго   чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87.8339 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн