УКМК салыкчыларды кармады

Автор

Патентке төлөнчү акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Базар-Коргон районунун соода-базар комплексинин ишкерлеринин жана соодагерлеринин патенттерине төлөнчү акча каражаттарды салык инспекторлору системалуу түрдө чогултуп, өздөрүнө ыйгарып алып жүргөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду.
2023-жылдын 26-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соттун санкциясы менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы С.С.К. жана райондун соода базарларын көзөмөлдөгөн 2 инспектору Н.У.С., А.М.К. кармалып, №53 тергөө абагына киргизилди.
Мамлекеттик салык кызматынын кармалган инспекторлору ишкердик субъекттеринен патент үчүн ай сайын акча чогултуп, бирок өздөрүнө ыйгарып турганы аныкталды.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун баш катчысы 2024-жылы биригүүгө чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 2024-жылы бардык өлкөлөрдү биригүүгө жана пикир келишпестиктерди жеңүүгө чакырды. Ал келе жаткан жыл “ишенимди калыбына келтирүү” жылы болушу керек деп эсептейт. Анын айтымында 2023-жыл азап-кайгы, зордук-зомбулук жана климаттык башаламандыктын жылы болду. Адамдар жакырчылыктын жана ачарчылыктын көбөйүп жаткан көйгөйлөрүнүн кысымына кабылып, согуштар ырайымсыз жана көп болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн