

Учурда мамлекеттик Ипотекада 70 миң адам кезекте турат. Анын ичинен 24 миң кишинин документтери талапка жооп берет. Мындай маалыматты Мамлекеттик Ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди. Ушул кезге чейин берилген каражат 100 млн долларды түзөт. 5 жыл ичинде «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында 15 миң жаран үй менен камсыз болот.