“Акшумкарлар” Иран курамасы менен беттешет

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы 16-июнда Иран футболчулары менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, атаандаштардын арасында дүйнөлүк деңгээлдеги оюнчулардан куралган элиталык курам бар. Учурда Улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин курамага кошулду.

CAFA Nations Cup-2023 оюндарында улуттук курама менен ойноого Алимардон Шукуров менен Кожо Жоэлдин Бишкекке учуп келиши күтүлүп жатканы айтылган.

Алдыдагы беттеште жаракатынан улам Бекжан Сагынбаев менен Николай Давыдов курамдан чыгууга туура келет. Жаракат алган оюнчулардын ордуна Кайрат Изаков чакырылган.

Эске салсак, 10-июнда Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлгөн CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдеште Кыргызстандын курама командасы 1:0 эсебинде Ооганстандын курамасын утту.

Бөлүшүү:
Next Post

Элчинин үйү өрттөндү

11-июнь күнү кечинде Афганистандын мурдагы өкмөтүнүн Тажикстандагы элчиси Мухаммад Захир Агбардын атасынын үйү Панжширде күйүп кетти. Элчи өрт талиптердин иши экенин билдирүүдө. «Талибан бул резиденцияны аскердик база катары колдонду. Бул өрттүн себептери жана аткаруучулары азырынча белгисиз, бирок жергиликтүү тургундар бул талиптердин өздөрүнүн иши экенин айтышууда», – деп жазат «8-и Субх» […]

Сизге жагышы мүмкүн