Кеңешбек Жумабаев, жактоочу: “Ал жактан чыга турган чечим белгилүү”

Автор

“Шайлообек Атазовдун мандаты маселе эмес. Кааласаңар, бүгүн келип, тапшырып берет. Бирок, анын мандатын алып жатканда мыйзам тааласында иш кылалы”,- деп билдирди анын жактоочуларынын бири Кеңешбек Жумабаев.
“Биз сөзсүз мыйзамдуу укугубузду талашабыз. БШК бизди катыштырбай маселени өздөрү карап, бирок, бүтө алышкан жок. Бирөөсү чыгып, жыйынтыгын телефон аркылуу кабарлайбыз деди. Ал жактан чыга турган чечим белгилүү”,- деди. 13-мартта депутат Шайлообек Атазов башкы прокурорду айыптап, өзүнүн мандат маселесинде Курманкул Зулушевдин кызыкчылыгы бар деп билдиргенден кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Өткөн жумада Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Анда депутатты мандатынан ажыратуу жагы каралса, анын атаандашы А. Муртазалиевди депутат кылып каттоодон баш тарткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Мураскор ханзааданын унаасын жардыруу аракети болду

Сауд Арабиясында өлкөнүн мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман аль-Саудга кол салуу аракети жасалды. Бул тууралуу түркиялык Yeni Şafak гезити жазып чыкты. Маалыматка ылайык Жидда шаарында Сауд Аравиянын Королдук гвардиясынын колоннасындагы унаалардын бири жардырылган. Окуяда Мухаммед бин Салман өзү жабыркаган эмес, бирок көптөгөн күзөтчүлөр набыт болгон. Мухаммед бин Салман 2017-жылдын 21-июнунан […]

Сизге жагышы мүмкүн