30 жылдан бери өлкөнүн соц тармагы чириген абалда

Автор

Өлкөнүн социалдык тармагын тейлеп отурган Эдил Байсалов журналист Улукбек Карыбек уулу жөнүндө роман токуп, ага этиканы, мыйзамды жана журналисттик жүрүм-турумду үйрөтүүгө аракет кылыптыр. Кыргыз “жыргаганыман кошокчу болупмунбу”, – деп коёт. 30 жылдан бери өлкөнүн соц тармагы чириген абалда. Мектептер менен Жогорку окуу жайлар мындан да аянычтуу.  Эдил Байсалов муштум кезеп, эч кимди тартипке чакыра албайт. Сындоочу, сунуш берүүчү же, уяткаруучу макамда эмес. Лондондук тажрыйбасын колдонуп, эч болбосо, балдар бакчаларын реформаласын. Ал жерге жаңы, жаш, билимдүү, жаңы идеялар менен жашаган, эне тилинде сүйлөгөн директорлорду дайындасын. Биз колдойбуз, коомчулук үчүн реформанын чоңу же, кичинеси болбойт. Менимче, Эдил Байсалов элдин үнүн угуп баштаса эле Улукбек Карыбек уулу сыяктуу блогер жигиттердин таасири азаят, андан кам санабасын!

 

Манас Осмон журналист

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн кыргыз адабиятынын классиги Жолон Мамытовдун туулган күнү

Бүгүн, 1-апрелде кыргыз адабиятынын классиги Жолон Мамытовдун туулган күнү. Акындын көзү тирүү болгондо быйыл 83 жашка чыкмак. Ал кыргыз адабиятынын поэзия жанрына өзүнүн ырлары менен өчпөс из калтырып кеткен инсан.   Туулган жерге   Токочуңду кармап жүрүп колума,   Жер каптаган жемишиңден жегенде.   Кубат болуп токтоп калган боюма,   […]

Сизге жагышы мүмкүн