Байыркы кыргыз жазуусун жайылтуунун жолдору

Wp Pw
0 0
Read Time:3 Minute, 58 Second

Өткөндө “Байыркы кыргыз жазуусу, маданий мурас жана геосаясат” аттуу макаладан кийин эгер алфавитти алмаштыра турган болсок келечекте латын арибине эмес, байыркы кыргыз жазуусуна өтүшүбүз зарыл экенин түшүнгөн мекендештерибиз көп экени билинди. Анын жүйөлөрүнүн баарын келтиргенбиз, кызыккандар окуп алышар. Бирок ал ишти жүзөгө ашырыш үчүн коомчулук адегенде белгилүү бир психологиялык бөгөттөрдөн, стереотиптерден аттап өтүп, бул жазуу жөнүндө маалымат алып, көзү көнүшү керек. Ошондуктан демилгени колдогондордун арасында аны кантип жайылтабыз деген маселеге кызыккандар да көп экен. Бул теманы логикалык жактан аягына чыгарып коюш үчүн ошол ыкмалар жана аны аткара ала турган тараптар тууралуу айта кетели.

Байыркы кыргыз жазуусун жайылтуу иштерин жүргүзө ала турган негизги беш тарап бар. Алар – (1) бийлик органдары, (2) атайын кызматтар менен дипломатиялык өкүлчүлүктөр, (3) бизнес өкүлдөрү, (4) чыгармачыл чөйрө жана (5) билим берүү мекемелери. Алар бул жазууну кантип жайылта алат жана колдоно алат?

Бийлик

Эгерде бийликтин саясий эрки жетсе, эмитен эле байыркы кыргыз жазуусу менен жазылган мамлекеттик органдардын атын, жер-суу аталыштарын же аларга ылайык келген накыл сөздөрдү эң үстүнө жазып кое берсе жарашмак. Мисалы, “Жогорку Кеңеш”, “Жогорку сот”, “Өкмөт”, “Ата-Бейит” деп байыркы кыргыз жазуусу менен эң үстүнө кооздоп жазса, асты жагында кыргызча жана орусча варианттары тура берсе болот. Ар бир соттун имаратынын жазууларынын эң үстүнө “Туура бийде тууган жок” деп жазып койсо болот. Жер-суу аталыштарынын ичинен адегенде облустардын, шаарлардын аталыштарын, кийин райондордун, айылдардын аталыштарын жазууда байыркы кыргыз ариби менен эң үстүнө жазып коюу да мыкты натыйжа берет. Биринчиден мазмуну туура келет. Экинчиден эл ушундай жазуу бар экенин, ал кыргыздыкы экенин көрөт, түшүнө баштайт. Үчүнчүдөн кызыгып окуй тургандар сөзсүз чыгат. Мунун эч кандай кыйынчылыгы жок. Анткени Интернетте кыргыз сөздөрүн байыркы кыргыз жазуусуна өткөрө турган программа да чыккан. Болгону буга өз көлөкөсүнөн коркпогон саясий эрк гана керек.

Атайын кызматтар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр

УКМК өз иш милдеттери боюнча чалгын жана контрчалгын иштери менен алектенет. Мындан тышкары, дипломатиялык өкүлчүлүктөр да тиешелүү өлкөлөрдө ачык маалымат булактарынан алынган кабарларды талдап, мыйзамдуу саясий чалгын менен алектенишет. Алардын кат алышуусу жашыруун, мүмкүн болушунча көздөн далдаа болгону жакшы. Байыркы кыргыз жазуусу бул жагынан мындай кат алышуунун купуялыгын камсыз кылган кошумча каражат катары кызмат кылмак. Экинчиден мамлекеттин кызыкчылыгын түшүнүүгө тийиш болгон адамдардын бул жазууну колдоно билиши кийин аларды ишке тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал үчүн тиешелүү кызматкерлерди бул жазууну колдонууга, мындан тышкары кыргызча кыйытып айткан туюк сөздөрдү пайдаланууга үйрөтүп чыгуу зарыл. Мындан мамлекет пайда гана көрөт.

Үчүнчүдөн жашыруун деп эсептелген нерсени билүүгө кызыккан мекендештер да көбөйөт. Бара-бара ал жашыруун болуудан калып, эл арасына кеңири тарап кете турган күн да алыс эмес.

Бизнес

Жогоруда сөз болгон макалада түрк ишкерлери байыркы кыргыз жазуусун бренд катары пайдаланып жатканына мисал келтирдик эле. Кыргыз ишкерлеринин бул боюнча мүмкүнчүлүгү абдан кеңири. Чыгарган товарларына, ишканаларынын тышына (мисалы ашканасынын тышына) байыркы кыргыз тамгалары менен кооздоп жазылган сөздөрдү жаздырып коюшса бир эсе бренд катары тааныла баштамак. Экинчиден туристтерди кызыктыруунун кошумча каражаты болмок. Үчүнчүдөн кайра эле өз элибиздин көзү көнүп, тиешелүү психологиялык таасир калтырмак.

Азырынча байыркы кыргыз жазуусун өзү салдырган объектиге орноткон Садык Шернияздан башка ишкерлер бул идеяны колдоно элек. А бирок колдонсо жогоруда айтылган себептерден улам өздөрүнө эле пайда болмок.

Англисче, арабча ж.б. толгон-токой ишканалардын аталыштары турат го, өзүбүздүн байыркы тамгалар менен жазууга эмне үчүн болбосун?

Чыгармачыл чөйрө

Ушу тапта китеп жазган кишиден башың адашат. Күн алыс улам бир акын-жазуучунун китебинин бет ачары өтүп жатканын угасың. Калемгерлерибиз улутка тиешелүү жазылган китептеринин жок дегенде сыртына анын аталышын жана өз аты-жөнүн байыркы кыргыз жазуусу менен кошо кетсе бул ишке абдан чоң пайдасы тиймек. Биринчиден, бул жазуу кыргызга тиешеси бар экенин билдирген ойду бекемдемек. Экинчиден бара-бара бул жазууга өтүүнүн баштапкы бөлүгүнө салым кошмок.

Улуттун интеллектуалдык каймагы деп эсептелген кыргыз интеллигенциясынын арасынан бул демилгени колдой турганы барбы?

Билим берүү мекемелери

Ушу тапта мектептерден тартып бала бакчаларга чейин кыргыз тилине эмес, орус, англис, жапон, араб ж.б. чет тилдерге басым жасалууда. Кыргыз тили акыркы орунда эле калган билим берүү мекемелери көп. Айрыкча Бишкектеги билим берүү, тарбия мекемелери, ата-энелер көбүнчө башка тилдерге басым жасап жатышат. Ошондуктан кыргыз тилдүү жана аралаш мектептердеги, бала бакчалардагы мугалимдер адегенде өздөрү үйрөнүп алып, карамагындагы балдарды бул жазууну колдонууга үйрөтүп койсо улуттук кызыкчылыкка чоң салым кошкон болор эле. Анткени бул жазууну көргөн бала өз элинин байыркы тарыхына кызыгуусу артат. Экинчиден бирде болбосо бирде колдоно берип жайылып кеткенине да жакшы. Мисалы биз журналистика факультетинде окуп жүргөндө кыргыз стенографиясын үйрөнгөнбүз. Жигиттер менен кыздар купуя ашыктык каттарын стенография менен жазышып калган учурлар да болгон. Байыркы кыргыз тамгаларын адегенде кыялкечтиктин, сырдаштыктын тилине айланта алсак кийин анын жайылышына жол ачылган болот. Андан тышкары кыргыз тилине болгон кызыгуу ого бетер күчөйт.

Корутунду

Жогоруда айтылган сунуштар – байыркы кыргыз жазуусун жайылтуунун жана эл аралык аренада кыргыздыкы катары ээлеп калуунун негизги, көзгө урунган гана багыттары. Башка улутташтарыбыз да өз салымын, иштиктүү ойлорун кошушу мүмкүн. Албетте, азырынча кичинекей чагында чынжырга байлап көндүрүп койгон пилдин баласындай болуп, эски стереотиптерден арыла албай жаткан болушубуз ыктымал. Ошентсе да бир кезде айтылган ой эртедир-кечтир ишке ашарына ишенем.

Жыргалбек Касаболот

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Баткенде жабыркагандарга ачылган эсепте 172 млн 922 миң сом калды

Баткен облусунда жабыркагандарга ачылган атайын эсепте 172 млн 922 миң 638,56 сом калды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.   Эске сала кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек […]