29-апрелде республика боюнча жалпы ишембилик өтөт

Автор

29-апрелде республика боюнча жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акцияга министр Мелис Тургунбаев борбордук аппараттын кызматкерлерин жетектеп чыгат.

«Бардык жарандарды убакыттан пайдаланып кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Аталган акция 2022-жылы 8-октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлгөн. Анда 133 миң 508 жаран адам катышып, 600 тоннадан ашык таштанды чыгарылган.

Бул акция КР президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгынын алкагында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО: Украина убада кылынган жардамдын 98 пайызын алды

Украина НАТОдон убада кылынган жардамдын 98 пайызын алды. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Люксембургдун премьер-министри менен биргелешкен брифингде билдирди. «НАТОнун өнөктөштөрү Украинага болуп көрбөгөндөй жардам көрсөтүштү. Украинага убада кылынган согуштук унаалардын 98 пайыздан ашыгы жеткирилди. Бул 1550дөн ашык бронетехника, 230 танк жана башка жабдуулар, анын ичинде көп сандагы […]

Сизге жагышы мүмкүн