Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 5.4%ды түздү

Автор

2023-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда инфляция 5.4%ды түздү. Бул тууралуу маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 3.9%га, азык-түлүк эмес товарларга 6.9%га, алкоголдук ичимдиктерге 7.9%га жана тамеки буюмдарына 9.8%га, ал эми калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 6%га кымбаттады.

Июль айында Чүй облусун кошпогондо, республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү белгиленген. Баалардын эң көп көтөрүлгөнү Нарын облусунда (2.8%га) байкалган, мында тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар, алкоголдук жана тамеки буюмдары, ошондой эле азык-түлүк эмес товарлар кымбаттаган. Улуттук статистикалык комитет Баткен облусунда кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин эң көп көтөрүлүшүн каттады.

Эске салсак, 2022-жылы инфляция 14.7%ды түзгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Индия төртүнчү Ай державасы болуп калды

Индиянын  “Прагян” түзүмүн салган “Викрам” модулу   Айдын бетине ийгиликтүү конду. Конуу түз эфирде көрсөтүлдү.  Аны 6,5 миллионго жакын эл көргөн. Индия СССРден, АКШдан жана Кытайдан кийин Айдын бетине аппаратын кондурган төртүнчү өлкө болуп калды. Викрамды Айга «Чандраян-3» автоматтык планеталар аралык станциясы жеткирди.  Аны менен  бир убакта Жердин жандоочуна  келген россиялык […]

Сизге жагышы мүмкүн