Эрнек жөнүндө кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев бир кылым мурда жазган

Автор

Эрнек жөнүндө кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев бир кылым мурда жазыптыр:

…1660-жылында замандын түрү орус пайдасына өзгөрө баштаган. 1653-жылында Батур өлгөн соң, саясий жагынан ойроттор бошой баштаган. 1666-жылында Сенге Коңтайчи оруска карамакчы болуп, ошол жылы жардам сурап өзүнүн кишисин Томскийге жиберген. Бирок ошол чакта кыргыздан биринчи жана эң соңку кубаттуу эр Номчунун небереси Эрнек чыга келген.
Бул Эрнек жыйырма жыл үүлбөстөн Кызылжар, Ача, Кузнецкий, Томский, Канский, Энисейский, Удинский шаарларын коркунучка түшүрүп турган. Бул 1680-жылдарда өлгөн (Демек, Күчүм хандан соң орус оторчусуна кайрат кылган Шиберде кыргыздар болгон). Ложандын кол алдында саналып турганда орустар андан Эрнекти бергин деп тиленген. Ойроттор Ложинди колго түшүргөндө, мурун кыргыздар 1671-жылында өлгөн Коңтайчи Сенгеге карап туруп, андан кийин анын тууганы Галданга карап турган. Мунун доорунда ойроттор көчмөн мамлекетинин биринчиси болгон.
Энисей жана Тыйаншан кыргызы менен туткакташып жүргөн ойроттор болгон. Ушул заманга жете ойроттор болсун, жана тарыхчы орустар жана Жауропеистер бул эки жердеги кыргыздардын арасын салыштырып текшерген эмес. Бул эки жердеги кыргыздар арасында катыш мамиле болгон эмес.
Галдан 1680-жылдарда кыргыз менен согушкан болсо, 1670-жыл өзүнүн душманынан качып Энисейдеги кыргызга барып коргологон. Калмактын жана андан кийинки Коңтайчинин баш ордосу Тыйаңшаңдагы кыргызга четтеш Иленнин бойунда болгон. Галдан орус менен тынч туруп Томский, Кызылжардагы орустардан кыргызды тынч койуңуз деп, мен кыргызды сиздерге каршы аламандан тыйамын деген.
Ойроттун жардамы аркасында 1673–1674-жылдарда кыргыздар орус менен согушкан. Эрнек 1678–1680-жылдарда орустун элчисин кабыл кылган. 1684-жылында Томский, Энисей, Кызылжардагы оруска согуш ачмакчы болгон, бирок бул чакта анын Москвадагы элчиси келип калып, согуш токтолгон. Эң соңку урушту Шаңдык деген баштыгынын 1691–1692-жылдарда болуп, ал өзү Эрнектин сайузунан эсептелет. Орус менен Эрнек катышып турганда ойротчо жазуу жиберип, өзүнчө жазуу болбогон.

1703-жылында оруска мундай кабар болгон: «2500 калмак кыргыз жерине келип, бүткүл кыргызды айдап кетти, жеринде бир да кыргыз калган жок» деп, бул кабарга абалында ишенбестен, акыры растыгына көзү жеткен. Ошол үчүн XIX кылымдагы Радлов болсун, XVIII кылымдагы Миллер болсун “кыргыз жалпы кетти, жаки аз-аз жеринде калып, анын жерин жаңы келген орустар менен кошо бирөө ээлеп кеткен” деп ойлойт. Миллердин пикири кыргыз ошол чакта Сибирден бир жолата кеткен. Кузьминдин ойунда кыргыздын жартысы кетип, андан дагы чачырап бирин серин келгени болгон. Кийин ал жердеги эл Минусинский татары жана какас аталды.
Кандай болсо да Энисей кыргызы ошону менен бүткөн. Ал жердеги элдин айтуунда дагы кыргыз элинин бүлүп кеткенин кеп кылышат. Сагай арасындагы кыргыз уругу албетте мурунку кыргыздын калганы. Радлов ал жердеги элден мундай кабар тапкан: Кыргызга алым алабыз деп
300 аскер келсе, бир жылга жете эч кабар болбогон соң Коңтажы казак менен буруттан (кыргыз) бир миң аскер жиберген. Ал аскердин баштыктары ким күнөөкөр экендигин текшербестен кыргызды бүткүлү менен Коңтажыга алып барган, жашынып калып аз-маз киши гана кутулган.
Омбудагы архиптин кабары боюнча Валиханов мундай дейт: 1746-жылында Устукаменногорский калаасына катын-баласы менен кыргыз, калмактан он эки киши келип, анын сөзү мундан 50 жыл мурун бир катарда 3000 түтүн, бир катарда 2500 түтүн кыргыздарды калмактын Духар, Сандык Чынбин деген зайсандары 500 киши менен келип, күч менен алып кеткен деп андагы тургун эл жериндеги көрүстөндү кыргыздыкы дешет жана аларда эзелден келе жаткан сөзү: кыргыз деген баатыр журт туруп, согушта өлгөнүн көмгөн дейт. Радловдун шакирти Майна Кашектин берген кабарында Абакан суусунун төмөнкү агымында качып элинин арасында кыргыз барлыгын айткан жана мурун кыргыздын жакшок жайылып кеткенин айтып жана да мундай ыры бар дейт:
Кырк келишимдүү чуңкурчак (өзөн)
Кыргыздын сөөгү жатпаган өзөн бар бекен?!
Тоого чыккан кырк кайыңда
Кыргыздын балтасы тийбеген кайың бар бекен?! – деп.
Бул ырга караганда ачыктан ачык бир күчтүү элдин каран-кайгы күндөр менен кырылып бүткөндүгүн көрсөтөт.
Бул тарыхты жазган Белектин пикири: Бул айтылган 3000 түтүндү ойроттор айдап келип, Балкаш көлүнө таштаганда, андан көбү туш-тушка тарап кеткен, ал жөнүндө жогоруда жазылган. Бул сүрүлүп келген кыргыздардан Тыйаңшаң кыргыздары ал кезде Анжийан, Алайга качып кетсе да, Аркадагы чачырап калган кыргыздарга кошулгандары бар.

(Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы / жооптуу ред.: А.Ч.Какеев. – Бишкек, 2003.)

Даярдаган: Асилбек Эгембердиев

Бөлүшүү:
Next Post

Асманга талпынган шаарлар

Борбор Азия цивилизацияга кадамын таштай элек. Бирок, өнүккөн шаарлар адам жашоосун жеңилдеткен ыңгайлуу шарттарды куруп бүттү. Бизде бул абал колго алына элек. Азырынча шаарлардын эскирген же, иштен чыккан механизмдерин алмаштыруу менен алекпиз. Европанын шаарларында биздегидей абал барбы? Алар өнүгүүнүн канчанчы тепкичине келишти? – Амстердам шаарынын мэри күн нурунан электр энергиясын […]

Сизге жагышы мүмкүн