НАТО: Украина убада кылынган жардамдын 98 пайызын алды

Автор

Украина НАТОдон убада кылынган жардамдын 98 пайызын алды. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Люксембургдун премьер-министри менен биргелешкен брифингде билдирди.
«НАТОнун өнөктөштөрү Украинага болуп көрбөгөндөй жардам көрсөтүштү. Украинага убада кылынган согуштук унаалардын 98 пайыздан ашыгы жеткирилди. Бул 1550дөн ашык бронетехника, 230 танк жана башка жабдуулар, анын ичинде көп сандагы ок-дарылар дегенди билдирет»,-деди Столтенберг.
“Бул Украинага оккупацияланган аймактарды андан ары кайтарып алуу үчүн бекем позицияны берет”,-деп баса белгиледи Столтенберг.

Бөлүшүү:
Next Post

Хабибулло Абдукадыр боюнча "Озодлик" изилдөө жарыялады

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы Кыргызстанда чуу болгон теги кытайлык уйгур бирок, кийинчерээк Казакстан жарандыгын алган Хабибулло Абдукадыр боюнча кеңири иликтөөсүн жарыялап, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жана Түркия мамлекетине чейин узаган бизнес империясын, Өзбек президенти Шавкат Мирзияевдин тилин кантип тапканын, өлкөлөр арасындагы логистикалык борборлорду курууда кимдерди колдонгондугун ачыктап, анын бизнес империясынын кызматкери болгон Раимбек […]

Сизге жагышы мүмкүн