Эдил Байсалов аял депутаттар менен кайым айтышты

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аял депутаттардын таландысында калды. Парламенттеги комитет жыйынында дарыгерлердин айлык акыларынын аздыгы боюнча талкуу жүрүп жаткан.

Депутат Аида Изатбек кызы ординаторлордун айлык маянасына кызыкты. Эдил Байсалов саламаттык сактоо министринин орун басарына “Караколдогу оорукананын ординатору канча сом алат, ошонун справкасын Аида Изатбек кызына берип койгулачы”,- деди эле депутат айым “Эдил мырза өзүңүздү кармаңыз, сиз базарда отурган жоксуз”,- деп какты.

Эдил Байсалов “эч бир ординатор 5 миң сом албайт. Сиз элди адаштырбаңыз”,- деди эле саламаттык сактоо министринин орун басары калпын чукуп, “аларга 7040 сом айлык чегерилген бирок, мыйзамдуу кармоолордон кийин колдоруна 5000 сом алат”,- деп жооп берди. Депутат Гүлкан Молдобекова төрагалык кылуучу Венера Раимбачаевага кайрылып, “сиз сүйлөп жатсаңыз Эдил Байсалов күлүп атат. Сиз парламентке күлгөнө келдиңизби? Сиз парламенттен кечирим сурагансыз. Суроого жөн жооп бериңиз!”,- деди. Депутаттар Эдил Байсаловду аялдар менен айтышпоого чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте көмүрдү кайдан сатып алса болот? Даректери

Бишкек мэриясы калаадагы көмүр саткан түйүндөрдүн даректерин жана коюлган баалар тууралуу маалымат  берди. Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин району боюнча калкка көмүр төмөндөгү отун базаларынан сатылат:   Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом; Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) «Кара-Жыра» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом; «Береке» ЖЧКсы, […]

Сизге жагышы мүмкүн