Айдоочулардын эсине! Төө-Ашуудагы туннелдин жабылуу убактысы

Автор

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннель 12-июлдан 18-июлга чейин маал-маалы менен унаа кыймылы үчүн жабылып турат. Мындай чара туннелдин ички жолун оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу экендигин ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.

 

Туннелдин жабыдуу убактысы:

-05:00дөн 08:00гө чейин;

-10:00дөн 12:00гө чейин;

-14:00дөн 16:00гө чейин.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан алыскы жолго чыгууда алдын ала мерчемдеп, зарылчылык болбосо түнкүсүн алыскы жолго чыкпастан, күндүзү жүрүүгө чакырат.

Ошондой эле өздөрүнүн коопсуздугу үчүн көрсөтүлгөн ылдамдыкты ашырбай, каршы тилкеге чыкпастан, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

«Сапаттын» окуучусу эл аралык олимпиадада коло медаль утту

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Гаипов биология боюнча 34- Эл аралык олимпиадада (International Biology Olympiad, IBO) коло медаль жеңип алды. Олимпиада 3-июлдан 11-июлга чейин Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айне шаарында өтүп, ага 79 өлкөдөн 297 окуучу катышты. Ар бир өлкөдөн 4 окуучудан […]

Сизге жагышы мүмкүн