2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун эн тамгасы чыгарылды

Автор

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын логотибин тартуулады. Бул тууралуу  спорттук уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Эмблемада дүйнөлүк чемпионаттын сүрөтү жана турнирдин жылы айкалышкан. Анда  2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун кубогу 26 санынын сүрөтүн ар кандай түстө кайталап жана кайталоодогу оюмдун фонунда чагылдырылган. Жакынкы күндөрдө футбол коомчулугуна ошондой эле дүйнө чемпионатынын беттештери өтө турган АКШ, Канада жана Мексикадагы 16 шаардын ар биринин логотиби тартууланат.

Белгилей кетсек, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу тарыхта 48 команда катышкан биринчи чемпионат болот. Буга чейин дүйнөлүк чемпионаттарда 32 команда ойногон.

Бөлүшүү:
Next Post

Мини роман: Бай көрүнөм деп акчасыз калба

Жашооңдогу максатыңды бай көрүнүүгө эмес, бай болууга жумшашың керек. Ичинде эч нерсеси жок кымбат капчыкка караганда ичи сага керектүү нерселерге жык толгон арзан капчык артык. Бай көрүнөм деп акчасыз калба. Манас Осмон журналист Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн