2024-жылы ЖККУга төрагалык кылуу милдети Казакстанга жүктөлдү

Автор

Беларусия 2023-жылдын 31-декабрында ЖККУга төрагалык кылууну расмий түрдө Казакстанга өткөрүп берет. Бул тууралуу  Минскиде өткөн ЖККУнун кеңейтилген саммитинде Беларус президенти Александр Лукашенко билдирди.

“Бул геосаясий жактан тез темп менен өткөн жыл болду, ошондуктан график тар болду. ЖККУ мүчө-өлкөлөрдүн жана бүтүндөй Евразия чөлкөмүнүн коопсуздугун камсыз кылуунун ажырагыс элементи”, – деди ал.

Беларустун лидери белгилегендей, уюмдун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү геосаясий тенденцияларды жалпы дүйнөдө да, аймакта да талдоо жана ЖККУ өлкөлөрүнүн коопсуздугун чыңдоо боюнча жаңы чечимди табуу керек экендиги айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Сүлүктү көмүрдүн күңүрт жагдайы

Сүлүктү шаарындагы көмүр кенин ээлеп алгандар жалаң эле жергиликтүү кеңештин депутаттары жана Сүлүктүнүн экс-мэрлери болуп чыкты. Бул боюнча Азаттык радиосунун кеңири изилдөөсү жарыяланды. Алардын ичинде депутат Чыңгыз Ажибаевдин ата-энесине таандык “РИО групп” деп аталган ишкана бар. Атайын кызмат кылмыш ишин козгоп, казынага салык төктүргөн учурда аталган ишкана салык иретинде 48.275.171 […]

Сизге жагышы мүмкүн