Сүлүктү көмүрдүн күңүрт жагдайы

Автор

Сүлүктү шаарындагы көмүр кенин ээлеп алгандар жалаң эле жергиликтүү кеңештин депутаттары жана Сүлүктүнүн экс-мэрлери болуп чыкты. Бул боюнча Азаттык радиосунун кеңири изилдөөсү жарыяланды. Алардын ичинде депутат Чыңгыз Ажибаевдин ата-энесине таандык “РИО групп” деп аталган ишкана бар. Атайын кызмат кылмыш ишин козгоп, казынага салык төктүргөн учурда аталган ишкана салык иретинде 48.275.171 сом төлөгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы акыркы 6 жылда көмүр өндүрүү, сатуу жана экспорт менен алектенген 29 ишкананын салыктык жана каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө алган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 11 ишкананын кайра эсептөөдөн кийинки салыгын 216.800.062 сом деп аныктаганын изилдөөчү журналист Токтосун Шамбетов жарыялады. Ал эми төмөндөгү ишканалардан өндүрүлгөн салыктын көлөмү 87.169. 537 сом экени белгилүү болду.

Алар:

 

1.”Рио Груп” – 48.275.171 сом

 

  1. “Имамидин Экспорт”
  2. 804. 664 сом

 

  1. “Ахмат Кен”

8.925.063 сом

 

  1. “Кен Ордо”
  2. 818.089 сом

 

  1. “ЖИ Мадаминов”

3.346.000 сом.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 600 миңге жакын окуучу ысык тамак менен камсыздалды

Кыргызстанда 600 миңге жакын окуучу ысык тамак менен камсыздалды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумунда КР билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө башталгыч класстын балдары үчүн бир жолку тамактанууну уюштурууга бардык шарттар түзүлгөн жана аларды каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт. […]

Сизге жагышы мүмкүн