“Евровидение-2024” өтө турган шаар аталды

Автор

Швециянын Мальмё шаары Евровидение-2024 ыр сынагын өткөрөт.  Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу – Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) билдирди.

“Мальмё шаар тендеринин жыйынтыгында тандалып алынган, анда башка критерийлер менен катар коноктун шарттары, келген миңдеген делегацияларды, тасма тартуучу топторду, күйөрмандарды жана журналисттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле жергиликтүү инфраструктура бааланган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мелдештин финалы 11-майда “Malmö Arena” спорт комплексинде өтөт. Ошондой эле 7 жана 9-майда жарым финалдык оюндар болот.

Швеция Евровидениени жетинчи жолу өткөрөт. Салтка ылайык, сынактын жеңүүчүсү кийинки жылы анын ээси болуп калат. Швециялык ырчы Лорин Ливерпулда өткөн Евровидение 2023 сынагында жеңишке жетти.

Бөлүшүү:
Next Post

U-20:  Кыргызстандык жаш балбан кыздар Азия чемпионаттына катышат

Кыргызстандык спортчу кыздар Иорданияда өтө турган 20 жашка чейинки (U-20) балбандар арасындагы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Белгилүү болгондой, мелдеш Амман шаарында 15-20-июль күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: — Арууке Кадырбек кызы, 55 кг; — Айдай Нуридинова, 57 кг; — Айтолкун Медет кызы, 59 […]

Сизге жагышы мүмкүн