Өкмөт тоого жалгыз чыгууга тыюу салды

Автор

Непалдын өкмөтү өлкөнүн бардык аймагында жалгыз тоого чыгууга тыюу салды. Алыскы туристтик маршруттар боюнча саякаттоону пландаган саякатчылар мамлекеттик лицензиясы бар гид жалдап же топко кошулушу керек.
Өлкөдө бул тармак олуттуу киреше алып келгени менен жоголгон жалгыз саякатчыларды издөө жана куткаруу иштери кымбатка туруп жатат. Непалдын Туризм кеңешинин директорунун айтымында тоолордо инфраструктура жетишсиз, дагы бир көйгөй лицензиясы жок гиддер жана туристтик компаниялар. Алар мамлекеттик каттоодон өтүшпөйт жана салык төлөшпөйт. Андыктан, Непал өкмөтүнүн ар бир туристти өзүнчө текшерүүгө мүмкүнчүлүгү жок жана жалпы тыюу салуу чечимин кабыл алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасады — $35 млн сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат. Маалыматка ылайык, кечээ Улуттук банк 35 млн АКШ долларын саткан. Америкалык валютанын сатуу баасы 87,42 сомду түздү. Бардык сатуу операциялары бүтүм жасалган күндөн башка дата боюнча эсептешүүлөр менен жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, Улуттук банк жыл башынан […]

Сизге жагышы мүмкүн