2024-жылы “Дүйнөлүк достук оюндары” Орусияда өтөт

Автор

Россиялык спортчулардын эл аралык спорттук иш-чараларга эркин катышуусун камсыз кылуу максатында 2024-жылы “Дүйнөлүк достук оюндары” эл аралык мелдештерин Москва жана Екатеринбург шаарларында өтөт.

Өкмөткө сынакты даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү тапшырылды. Оюндарды уюштуруу комитети 2024-жылы 2 айдын ичинде мелдешке байланыштуу негизги иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылышы керек.

Оюндарга катышуучулардын жалпы саны 5,5 миң адамды түзүп, жалпы байге фонду 4,6 миллиард рублди түзөт. Ачылыш жана жабылуу аземдери Москвада, программанын бир бөлүгү Екатеринбургда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына барат

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө […]

Сизге жагышы мүмкүн