Эртең Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат.

1-декабрда Садыр Жапаровдун БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

Иш сапар БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого Мамлекет башчысы катышып, ошону менен аяктайт», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Жөтөлдүн негизги себептери

Жөтөл – бул аба агымына тоскоол болгон дем алуу жолдорунун ар кандай кыжырдануусуна организмдин реакциясы. Какырык чыгаруучу заттар, патогендик флора, бөтөн заттар, чаң, шишик ж.б. болушу мүмкүн. Кээ бир учурларда жөтөл коркунучтуу шарттардын бар экендигинин белгиси,андан кийин тез арада дарыгерге кайрылуу керек. Жөтөлдүн эки карама-каршы түрү бар: кургак жана нымдуу. […]

Сизге жагышы мүмкүн