Күрөш боюнча дүйнө чемпиондоруна 1 млн сомдон ыйгарылды

Автор

Президент Садыр Жапаров Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеп келген балбандарга акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын куттуктап, анда бардык кыргызстандык күйөрмандардын атынан Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бекем эркти көрсөтүп, сыноолордон намыскөйлүк менен ийгиликтүү өткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан отуздан ашуун мамлекеттин арасынан командалык зачетто 3-орунду ээлегенин канааттануу менен белгиледи. Өлкөнүн тарыхында мындай натыйжа биринчи жолу жетишилип, тарых баракчасы жаңыланды. Бул жетишкендик миллиондогон кыргызстандыктарды чексиз кубанычка бөлөп, демине-дем, күчүнө күч кошуп, өлкө үчүн, спортчулар үчүн сыймыктануу сезимдерине толтурду.

 

“2024-жылы Парижде өтө турган 33-жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алгандарга үмүтүбүз да, ишеничибиз да чоң. Биз албетте, мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат, деп сөз беребиз”, – деп белгиледи президент.

Алтын медаль алган – Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековго 1 млн сомдук сертификаттар тапшырылды.

Ал эми күмүш медалдын ээси Айпери Медет кызына 750 миң сом, коло медаль багындырган Тайырбек Жумашбек уулуна 500 миң сом берилди.

Ошондой эле жеңишке кошкон салымы үчүн чемпиондордун машыктыруучулук курамына да акчалай сертификаттар тапшырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Владимир Путин 15-октябрда  Кыргызстанга келет

Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өлкө башчысы Владимир Путиндин Кыргызстанга келерин тастыктады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги  жазды. Маалыматка ылайык,  Путин Беларусь президенти Александр Лукашенко менен 15-октябрда Кыргызстанда жолугушат. Буга чейин Беларусь президенти Орусиянын президенти менен телефондон сүйлөшкөнүн, жолугушуу болорун билдирген. «Биз президент чындап эле ушундай […]

Сизге жагышы мүмкүн