19-майга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

 

Күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

 

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

 

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22.

 

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Мобилизациядан улам Финляндиядан башпаанек сурашты

Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Россия Федерациясынын 1109 жараны аскердик кызматка тартылбоо максатында Финляндиядан башпаанек сураган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Финляндиянын Миграция кызматынын маалыматына таянуу менен жазып чыгышты. Өлкө бийлиги аскер курагындагы россиялыктарга башпаанек берүү боюнча чечим кабыл ала элек. Финляндия бул маселе боюнча Евробиримдиктин позициясынын жарыяланышын күтүп жатканы […]

Сизге жагышы мүмкүн