Мобилизациядан улам Финляндиядан башпаанек сурашты

Автор

Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Россия Федерациясынын 1109 жараны аскердик кызматка тартылбоо максатында Финляндиядан башпаанек сураган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Финляндиянын Миграция кызматынын маалыматына таянуу менен жазып чыгышты.
Өлкө бийлиги аскер курагындагы россиялыктарга башпаанек берүү боюнча чечим кабыл ала элек.
Финляндия бул маселе боюнча Евробиримдиктин позициясынын жарыяланышын күтүп жатканы белгиленген. Негизи Түндүк Европа өлкөлөрү биргелешкен талкуулардын жыйынтыгында кандайдыр бир чараларды көрүүдөн мурун ЕБдин көрсөтмөсүн күтүүгө макул болушкан.
Россияда жарым-жартылай мобилизация 2022-жылдын 21-сентябрында жарыяланган.

Бөлүшүү:
Next Post

КР футбол курама командасына кайсыл оюнчулар чакырылды? Тизме

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы башкы машыктыруучу Штефан Тарковичтин  улуттук курамга 33 футболчуну чакырды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Маалыматка ылайык, “Акшумкарлар” 1-июндан 9-июнга чейин Бишкек шаарында окуу-машыгуу өткөрөт. Окуу-машыгуунун максаты 10-июндан 20-июнга чейин өтө турган CAFA NATIONS CUP-2023 турнирине даярдык көрүү болуп саналат. Машыктыруучулар штабы  кеңейтилген тизмени […]

Сизге жагышы мүмкүн