Акылбек Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келген Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.
Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Астана шаарында өткөн Уюмдун 10-саммитинин жыйынтыгын, мамлекет башчылары кабыл алган чечимдердин аткарылышын, ошондой эле Уюмдун 2024-жылга карата пландарын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 180 мамкызматкер иштен бошотулду

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун жана Раимбек Матраимовдун мафиясынын мүчөлөрү менен байланышы үчүн мамлекеттик органдардын 180ден ашуун кызматкери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү жана Райым Матраимовдун мафиясы менен мүмкүн болгон […]

Сизге жагышы мүмкүн