reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

 19-майга карата аба ырайы

Son Güncelleme :

18 мая 2023 - 16:09

reklam
 19-майга карата аба ырайы
reklam

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

 

Күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

 

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

 

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22.

 

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус болот.

reklam