«Мегаком» компаниясын  Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды

Автор

“Альфа Телеком” (соода маркасы MEGA) компаниясынын акцияларын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды. Бул тууралуу  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ “Альфа Телеком” ЖАКтын мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлдү.

Электрондук сатууга катышуу үчүн эки компаниядан билдирүү түшкөн:

 

  1. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК;
  2. “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК.

 

“Альфа Телеком” ЖАКтын 100 пайыз мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК жеңүүчү деп табылды, ал эң көп сумманы – 14 млрд 800 млн сомду сунуштаган.

 

Мамлекеттик пакеттин баштапкы баасы 14 млрд 600 млн сомду түзгөн, электрондук аукциондун кадамы 200 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт

Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт. ТИМден билдиришкендей, отурумда КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери 13-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат. […]

Сизге жагышы мүмкүн