Диплом чыры:  Эки депутаттык орунга кимдер келиши мүмкүн?

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлдагы отурумунда Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратты.

Учурда мандатынан кол жууган эки депутаттын ордуна парламентке кимдер келээр көпчүлүктү кызыктырууда. Талапкерлердин партиялык тизмесинде «Ата-Журт Кыргызстандан» кийинки орунда Канатбек Маматов, ал эми «Альянста» Элдар Абакиров турат.

«Альянс» партиясынын тизмеси боюнча Элдар Абакиров  2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо 4190 добуш алган.  Ал 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июнь айына чейин экономика министринин орун басары болуп иштеген.

Ал эми «Ата журт — Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда Канатбек Маматов бар. Ал акыркы парламенттик шайлоодо 4347 добуш алган. Канатбек Маматов 2019-жылы Футбол федерациясын жетектеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бангкок шаарында (Таиланд) өтө турган Азия чемпионаны катышат. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди. Маалыматка ылайык, мелдеш 12-16-июль күндөрү өтөт.   Курама команданын тизмеси:   Нурсултан Кеңешбеков (ЭДСЧ); Мусулман Жоломанов (ЭДСЧ); Тимур Исаков (СЧ); Сабина Батаджиева (СЧТ). Курама команда улук […]

Сизге жагышы мүмкүн