Азия чемпионаты -2024: Раззак Бейшекеев күмүш медаль утту

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Спортчу 67 кг чейинки салмак ченинде мелдештерин 1/8 финалдык баскычынан баштап, катары менен 3-жолу жеңишке жетти. Монголия, Казакстан жана Түштүк Кореялык балбандарды утуп, финалга жолдомо алды.
Алтын үчүн беттешин ирандык Эсмаели Лейвеси аттуу спортчу менен өткөрүп, натыйжада 1:3 эсебинде жеңилип, 2-орунду камсыздай алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Дубайда нөшөрдөн улам көчөлөрдү суу каптады

Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) катуу жамгыр жаады. Дубайда жаратылыш кырсыгынан улам көчөлөрдү жана трассаларды суу каптады. Шаардын эл аралык аэропорту учактарды 25 мүнөт бою кабыл алган жок. Аэропорттун администрациясынын маалыматы боюнча, жалпысынан 45 каттам токтотулган. Эл аэропорттун имаратына кире албай калган. Билим берүү мекемелери жабылып, көптөгөн жумушчулар аралыктан окуу режимине […]

Сизге жагышы мүмкүн