Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47,05 чакырымы такталды

Автор

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан 14-декабрына чейин Баткен облусуна караштуу Баткен шаарында өткөн.
“Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты”, – деп айтылат маалыматта.
Калган участокторду сыпаттоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Футболчуга чагылган тийип каза болду

Бразилияда өткөн футбол боюнча ышкыбоздор арасындагы аймактык кубок трагедия менен аяктады. Бир оюнчу чагылган тийип каза болсо, дагы алты оюнчу катуу күйүк алды. Бразилиянын Санто-Антонио-да-Платина шаарынын стадионунда жергиликтүү аймактык ышкыбоздор турниринин оюну өттү. Беттеш нөшөрлөп жааган жамгыр жана күн күркүрөө менен коштолуп, бирок спортчулар талаадан чыккан жок. Натыйжада чагылгандын бири […]

Сизге жагышы мүмкүн