15-апрелге карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 15-апрелде түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.

 

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

 

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.

 

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

 

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

 

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17,

 

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17 градус.

 

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +18…+20 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

 Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпиону болду

Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.   Жумашбек уулу 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды.   Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгып, атаандашын […]

Сизге жагышы мүмкүн