Соттук териштирүүдө 50дөн ашык күбө суралды

Автор

Камакта жаткан Адахан Мадумаровдун иши боюнча 50дөн ашык күбө суралып, 2 күндөн бери Мадумаров өзү да сурак берип жатканын анын жактоочусу Юлия Багданова билдирди.
“Негизи, бул иш боюнча 63 адам суралышы керек эле. Бүгүнкү күнү алардын айрымдары белгилүү себептерден улам келе алышпайт. Анткени, алардын ичинде көзү өтүп кеткени же, чет өлкөдө жүргөнү бар. Ошентсе да, көпчүлүк бөлүгү суралып бүттү”,- деди жактоочу.
Эскерте кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидерине 2 кылмыш иши козголгон. Анын бири чек ара тилкесине байланыштуу чыккынчылык беренеси, экинчиси шайлоо учурунда талапкерден 50 миң доллар алган делип, алдамчылык айыбы угузулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Немис генералдарынын жашыруун сүйлөшүүлөрү тарады

РИА Новости телеканалы 17-февралдагы 3 немис генералалынын жашыруун сүйлөшүүлөрүн жарыялады. Анда немис генералдарынын Крымдагы “Керченский” атындагы стратегиялык мааниге ээ көпүрөнүн жардырылышы жана Украинага курал жарак жөнөтүү планын түзүп жатышкандарын угууга болот. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Германия бийлигинен окуяга байланыштуу маалымат сурады. Ал эми Германиянын коргоо министрлиги генералдарга кылмыш […]

Сизге жагышы мүмкүн