Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпиону болду

Автор

Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.

 

Жумашбек уулу 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды.

 

Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгып, атаандашын 4:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

 

Кыргызстандын куржунунда жалпы 13 медаль топтолду.

Бөлүшүү:
Next Post

Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү

Ош мамлекеттик университетинде КР Эл акыны, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, кинодокументалист, драматург, журналист, белгилүү коомдук ишмер, Молдо Нияз адабий сыйлыгынын лауреаты Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аталышындагы ыр жыйнагынын бет ачары болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага ОшМУнун жалпы жамааты, коомдук-саясий ишмерлер жана ыр күйөрмандары катышты. […]

Сизге жагышы мүмкүн