12-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-сентябрга караган түнү Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

 

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

 

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +19…+24,

 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26.

 

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +20…+22 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-Орус өндүрүшчүлөрү жолугушту

Кыргызстандын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун төрагасы Данил Ибраев  VIII Эл аралык Чыгыш экономикалык форумуна катышууда. Абройлуу экономикалык форумдун алкагында  Ибраев кесиптеши Россиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун президенти  Шохин Александр менен жолукту. Тараптар Кыргызстан жана Россиянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин  жана Россия Федерациясынын ишканаларын Кыргызстанга локалдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн