Кыргыз-Орус өндүрүшчүлөрү жолугушту

Автор

Кыргызстандын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун төрагасы Данил Ибраев  VIII Эл аралык Чыгыш экономикалык форумуна катышууда. Абройлуу экономикалык форумдун алкагында  Ибраев кесиптеши Россиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун президенти  Шохин Александр менен жолукту. Тараптар Кыргызстан жана Россиянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин  жана Россия Федерациясынын ишканаларын Кыргызстанга локалдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле  Ибраев Архангельск областынын аймактык өнүктүрүү агенттигинин башкы директору Максим  Заборский менен жолугушуп, Астрахан облусунун өкмөтүнүн колдоосунда аймак менен кызматташуунун келечеги талкууланды.

Белгилей кетсек, VIII Чыгыш экономикалык форуму Россия Федерациясынын Президенти Владимир  Путиндин катышуусу менен 10-сентябрдан 13-сентябрга чейин  өтүүдө.

Иш-чарада  Данил Ибраев  «ЕАЭБ жана БРИКС: жаңы көп полярдуу дүйнөнүн калыптанышындагы ролу» деген темада сөз сүйлөп, кеңири экономикалык интеграция, Кыргызстандын Түштүк Азияга чыгуучу эл аралык транспорт коридорлорундагы маанилүү ролу, суу ресурстарын жана жашыл энергияны сактоо үчүн акыркы технологияларды жана жасалма инетеллекти колдонуу менен планетанын негизги ресурсу катары сууну пайдалануу жөнүндө маселелерди көтөрмөкчү.

Бөлүшүү:
Next Post

Евробиримдик Россиянын жаңы аймактарындагы шайлоону тааныган жок

Европа Биримдиги Крымда жана Россиянын жаңы аймактарында шайлоолорду өткөрүү фактысын жана анын жыйынтыктарын тааныбайт.  Бул тууралуу европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррелль билдирди. Ал Россиянын саясий жетекчилиги жана шайлоону уюштурууга тиешеси барлар бул мыйзамсыз аракеттердин кесепеттерине туш болорун эскертти. Россияда бирдиктүү добуш берүү күнү 10-сентябрда аяктаган.  Ар кандай деңгээлдеги шайлоолор 85 […]

Сизге жагышы мүмкүн