Садыр Жапаров тууну өзгөртүү боюнча оюн айтты

Автор

Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү аяктады. Эки күндүн ичинде 129 делегат өз ой-сунуштарын айтууга жетишти.
Андан кийин президент курултайдын катышуучулары тарабынан келип түшкөн суроолорго жооп берип, мамлекеттик тууга өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин билдирди.
Ал президенттик кызматтагы үч жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга жана ар кандай саммиттерге катышуу үчүн 30дан ашык өлкөлөргө бардым. Айрым жолугушууларда “силер чемичке өндүрүп май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилгенин айтты.
“Төрага Нурланбек Шакиевге “Нурлан ушундай болуп атат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей мени тепкилегиле”, – деди президент.
Президент сөзүнүн аягында залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте II Элдик курултай аяктап, резолюция кабыл алынды

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эки күнгө созулган экинчи Элдик курултай аяктады. Элдик курултайга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышты. Эки күндүн ичинде 129 делегат өз ой-сунуштарын […]

Сизге жагышы мүмкүн