12-майда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча эртең, 12-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

 

Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,

 

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

 

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24.

 

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +28…+30 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлообек Атазов Пакистан Ислам Республикасында сөз сүйлөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов  бүгүн, 11-майда Пакистан Ислам Республикасынын Конституциясынын 50-жылдык маарекесине катышып, жогорку трибунасында куттуктоо сөз сүйлөдү.  Салтанаттуу иш – чара борбор шаар  Исламабадда өтүп жатат. Пакистан Ислам Республикасынын Башмыйзамынын 50 жылдык маарекесине 20дан ашуун өлкөлөрдөн парламент депутаттары катышып жатышат. Шайлообек Атазов, ЖК депутаты: Ар бир улут өзүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн