Шайлообек Атазов Пакистан Ислам Республикасында сөз сүйлөдү

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов  бүгүн, 11-майда Пакистан Ислам Республикасынын Конституциясынын 50-жылдык маарекесине катышып, жогорку трибунасында куттуктоо сөз сүйлөдү.  Салтанаттуу иш – чара борбор шаар  Исламабадда өтүп жатат. Пакистан Ислам Республикасынын Башмыйзамынын 50 жылдык маарекесине 20дан ашуун өлкөлөрдөн парламент депутаттары катышып жатышат.

Шайлообек Атазов, ЖК депутаты:

Ар бир улут өзүнүн тили, дини жана эгемендүүлүгү  менен өз мамлекетинин Конституциясы менен сыймыктанат. Конституцияда адам укугу жана эркиндиги негизги беренелерде көрсөтүлгөн. Биз да жакында Кыргыз Республикасынын Башмыйзамынын 30 жылдык маарекесин белгиледик.

Бардыгыңыздарды Конституция күнү менен Кыргыз элимдин  жана өзүмдүн атынан куттуктоого уруксат этиңиздер!

Бул күн коомдук куруунун принциптери жана нормалары түптөлгөн,  көз карандысыздыгы укуктук жактан бекемделген күн.

Ар бир жаран Баш мыйзамды ыйык сактап, урматтоого милдеттүү ,  анткени ал  мамлекеттин  өнүгүүсүнүн, тынчтыгын жана жыргалчылыгынын кепили болуп саналат.

Майрамыңыздар кут болсун жана эки элдин достугу, ынтымактыгы   мындан ары да бекемделе берсин!

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттикке талапкер Мухаррем Инже шайлоого 3 күн калганда катышуудан баш тартты

Түркиянын президенттигине талапкер Мухаррем Инже шайлоого үч күн калганда президенттик жарыштан баш тартканын билдирди. “Мен талапкерлигимден баш тартам. Аларда мени күнөөлөгөнгө негиз калбасын. Биздин партияга добуш бергиле, биздин партия парламентте болушу керек”,-деп жазган Инсе. Президенттик жарыштан баш тартуунун себебин ага ар кандай чагымчылдык жана жалган маалымат түрүндө адекваттуу эмес, ашыкча […]

Сизге жагышы мүмкүн