28 жылдан бери директор болгондор бар

Автор

“Көптөгөн жылдар боюу  бир эле окуу жайда директор болуп отургандарды билебиз. Кесиптик орто жана башталгыч лицейлерибиз менен коллеждерибизде да мындай жагдайлар жок эмес”,- деп билдирди билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу “Марал” радиосуна берген маегинде.

“50 жыл директор болгон адам бар эле, быйыл кетти. Бул билим берүү тармагындагы абсалюттук рекорд болсо керек. Учурда айрымдары 28 жылдан бери директор болуп отурушат. 10,15,20 жана 28 жылдан бери отурган директорлор бар,- деди ал. Ошондуктан, министрлик 5 жылдан көп отурган директорлордун кызмат орду үчүн конкурс өткөрүп жатканын айтты. “Бирок, мен алардын эмгегин эч качан жокко чыгарбайм. Балким алар өз мезгилинин каарманы болушкан”,- деди Расул Авазбек уулу.

Бөлүшүү:
Next Post

Ереванда нааразылык акциясы башталды

Еревандын тургундары Армения өкмөтүнүн имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты. Митингчилер Никол Пашиняндын өкмөтүнө каршы ураандарды кыйкырып, андан Тоолуу Карабактагы кырдаалга кийлигишүүнү жана аймактагы армян калкын азербайжандык аскерлердин аткылоосунан коргоону талап кылышууда. Өкмөт үйү полиция тарабынан курчоого алынган. 19-сентябрда түштөн кийин Азербайжан Тоолуу Карабакта антитеррордук чараларды жарыялап, […]

Сизге жагышы мүмкүн