11-августта күтүлгөн  аба ырайы

Автор

11-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

 

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34;

 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

 

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус жылыйт.

 

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 31…33 градус ысык болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Гавайидеги өрт 36 адамды жана шаарды жок кылды

Гавайи аралдарындагы ири масштабдагы өрт 36 адамдын өмүрүн алып, Мауи аралындагы популярдуу туристтик Лахайна шаарынын көп бөлүгүн кыйратты. Гавайи губернатору Джош Гриндин айтымында, 9,000 туристтик жана экономикалык борбор болгон Лахайна шаарынын көп бөлүгү талкаланып, жүздөгөн үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мауиден 11 миңден ашык адам, анын ичинде туристтер көчүрүлдү. […]

Сизге жагышы мүмкүн