Гавайидеги өрт 36 адамды жана шаарды жок кылды

Автор

Гавайи аралдарындагы ири масштабдагы өрт 36 адамдын өмүрүн алып, Мауи аралындагы популярдуу туристтик Лахайна шаарынын көп бөлүгүн кыйратты.
Гавайи губернатору Джош Гриндин айтымында, 9,000 туристтик жана экономикалык борбор болгон Лахайна шаарынын көп бөлүгү талкаланып, жүздөгөн үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
Мауиден 11 миңден ашык адам, анын ичинде туристтер көчүрүлдү. Дагы 1,5 миң киши чыгарылаары күтүлүүдө. Аэропортко барчу жолдор жабылып калганы кырдаалды татаалдаткан, бирок азыр жолдор негизинен ачык.
Өрт 1,3 миң километр аралыкта болгон “Дора” бороонунан улам Мауиге тездик менен жайылып кетти.
Шаршемби күнү башталган өрттүн кесепетинен көптөгөн тургундар үйлөрүнөн жана ишканаларынан ажырады, аймактын калыбына келиши үчүн бир нече жыл керек болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык окуучу шахмат боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын утту

Кыргызстандык Азиз Дегенбаев мектептер арасындагы дүйнөлүк командалык чемпионатта жеке таймашта алтын медалга ээ болду.  Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, турнир Актау шаарында (Казакстан) 2023-жылдын 3-августунан 7-августуна чейин 12 жана 18 жашка чейинки категориялар боюнча 53 өлкөдөн 300дөн ашык шахматчылардын катышуусунда өттү. Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы […]

Сизге жагышы мүмкүн