1 миң 600дөн ашык студент кыз ууланды

Автор

Ирандын ар кайсы шаарларында 1600дөн ашык студент кыз белгисиз газга ууланды. Алардын 29у стационардык дарыланууда, калгандары амбулатордук дарыланууга чыгарылган.
Акыркы үч айда уулануу учурлары Кум, Буружерди, Тегеран жана Ардебил шаарларындагы 70тен ашуун университетте катталган.
Иран парламентинин саламаттыкты сактоо комитетинин мүчөсү Захра Шейх өлкө боюнча уулангандардын саны 1657ге жеткенин билдирди.
Бул боюнча иштеп жаткан Парламенттик Билим берүү, изилдөө жана технология комиссиясынын төрагасы Алириза Монади Сефидан тесттин жыйынтыгында окуу жайларда колдонулган газда N2 (азот) табылганын билдирген.
Ирандын билим берүү жана тарбия министринин орун басары Юнус Пенахи өзгөчө кыздар мектептеринин жабылышын каалагандар аныкталганын айтты.
Өлкө башчысы 1-мартта ички иштер министри Ахмед Вахидини, чалгындоо министри Исмаил Хатибди жана саламаттыкты сактоо министри Бахрам Эйнуллахиге ууланган окуяларды иликтөөнү дайындаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрөлүүнү көбөйтүү үчүн жаштардын иш убактысын чектөө сунушталды

Кытайлык депутаттар өлкөнүн калкынын азайып баратканына каршы күрөштүн алкагында жаштар үчүн жумуш күнүн чектөөнү жана сегиз сааттан ашык иштөөгө тыюу салууну сунушташты. Мындан тышкары бала бакчаларда жыныстык тарбия сабагын киргизүү сунушталууда. Депутаттар сабактарды кытай окуу китептерин колдонуу менен гана өткөрүүнү талап кылышты. 2021-жылдын май айында Кытай бийлиги өлкөдөгү демографиялык абалды […]

Сизге жагышы мүмкүн