Айдоочулары жок поезд 80 чакырымдай жол жүрүп барып токтоду

Автор

The Times of India гезити айдоочусу жок поезд Индиянын түндүк союзунун аймагы Джамму жана Кашмирден Индиянын Пенжаб штатына чейин болжол менен 80 чакырым аралыкты басып өткөнүн билдирди.
Жекшемби күнү Джамму жана Кашмирдеги Катуа станциясында шагыл жүктөлгөн 53 вагондук поезд өзүнөн-өзү төмөн жылып баштаган.
Жүк ташуучу поездди токтотууга болгон биринчи аракеттер ишке ашкан жок. Поезд 80 чакырымдай жолду катуу ылдамдыкта басып өтүп, темир жолду тосуп калган кум каптардын тоскоолдугунан улам Пенджаб штатында токтогон. Окуя учурунда вагондор рельстен чыккан эмес жана жабыркагандар жок. Индия темир жолунун жетекчилиги окуянын чоо-жайын иликтөөгө киришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө

Бишкекте 27-февралдан 2-мартка чейин чоңдор арасында бильярд боюнча дүйнө чемпионаты башталды . Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш бильярддын “курама пирамида” түрү боюнча өтөт. Ага дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөй спортчу катышары күтүлүүдө. Кыргызстандын бильярд боюнча курама командасы: Каныбек Сагынбаев; Дастан Лепшаков; Азизжон Мадаминов; Канат Сыдыков; Ызат […]

Сизге жагышы мүмкүн