1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат

Автор

Кыргызстанда 8-апрелден тартып 2024-2025 окуу жылына балдарды 1-класска электрондук каттоо башталат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл дагы жылдагыдай эле 1-класска кабыл алуу эки этап менен жүргүзүлөт:
биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин;
экинчи этап 3-июндан 30-августка чейин.
Анын айтымында, мектептерге кабыл алуу жылдагыдай эле 1-класска 6 жана 7 жаштагы балдар кабыл алынат.
«Биз 12 жылдык билим берүү системасына өткөнгө даярданып жатабыз. Бул этап-этабы менен жүргүзүлүүчү жумуш болгондуктан эч кандай адашуулар болбош керек. Бизде мурда нөлүнчү класстар 480 саат «Наристе» окуу программасы боюнча окутулуп келген. Быйыл деле 6 жашка чыккан балдар ошол программа боюнча окутула берет. Эгерде бала 7 жашка чыкса, анда ата-эне аны 1-класска каттатууга милдеттүү болуп саналат», — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

НАСА Ай үчүн убакыт иштеп чыгат

НАСА Ай жана Күн системасынын башка асман телолору үчүн бирдиктүү убакыт стандартын түзөт. НАСА 2026-жылга чейин убакыт эрежелерин иштеп чыгат. Тапшырма оордуктун жана башка факторлордун айырмачылыктарынан улам кыйын болушу мүмкүн. Айдагы бир күн Жерге караганда бир нече микросекундга тез өтөт. Ал эми так өлчөө үчүн ал жерде жаңы аспаптар керек […]

Сизге жагышы мүмкүн