Мөңгүлөрдөгү суунун запасы жетет

Автор

Өлкөбүздө мөңгүлөрдөгү суунун запасы 650 км3 түзөт. Ошондой эле көптөгөн көлдөр жана 3000ге жакын дарыялар бар, анын 20 пайызы гана иштетилет”,- деп билдирди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы акыркы эки жыл ичинде бул тармакка 2 млрд сомго чейин каражат бөлүп, техникага 1,2 млрд сом караганын айтты.

«Азыркы оор учурда бизге дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү, мелиоративдик абалды жакшыртуу жана башка олуттуу милдеттер жүктөлгөн. Республикабыздын азык-түлүк коопсуздугу сиздердин кесиптик ишиңиздер менен тыгыз байланышкан», — деди ал суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамын куттуктап жатып. Белгилүү болгондой, өлкөбүздө суу тармагында 4848 киши иштейт.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Германиянын президенти Казакстанга келет

Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 19-21-июнь күндөрү Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат. Сапардын алкагында мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө, транспорттук-логистика жана энергетикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө басым жасоо менен казак-герман стратегиялык өнөктөштүгүнүн абалын жана келечегин карашат. Германиянын Федералдык президенти Казакстан жана Германия университеттеринин ректорлорунун форумунда сөз […]

Сизге жагышы мүмкүн