Депутат 50 миң фейктин чоо – жайына кызыкты

Автор

“Мурдагы финполициянын жетекчисинин сөзүн тактап алайынчы. Ал бизде 50 миң фейк бар деп жатат ушул чынбы”,- деп сурады депутат Эльвира Сурабалдиева Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максутовдон. Министр бул боюнча кабары жок экенин, ал эмес биринчи жолу угуп жатканын кыйытты эле Эльвира айым кайрадан сөз алып, “элдин жана журналисттердин арасында ошол фейк фабриканы мурда Матраимовдордун жакын адамы болуп жүргөн Дайырбек Орунбеков башкарат деп айтылып жатат да, буга кандай карайсыздар”,- деди. Министр өкмөт тараптан бир да жолу фейк армия түзүү боюнча тапшырма болбогонун билдирди.
Эске салсак, өткөн айларда Сыймык Жапыкеев өлкөдө 50 миң фейк бар экенин айтып, аларга айда 1 млн долларга жакын каражат сарпталаарын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: “Адегенде энеңе, дагы энеңе жана дагы энеңе, анан атаңа жакшылык кыл”

Аял эң биринчи кезекте – эне. Эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, адам бар, турмуш бар, жашоо бар. Сиз жана биз бир кичинекей тамчы суудан эненин денесинде кыймылга кирип, бир бурдам эттен чоңоюп адам болгонбуз. Муну үчүн эң биринчи энеге карыздарбыз. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис-с-салам хадистеринде «Алланын алдында төрөгөн аял […]

Сизге жагышы мүмкүн