Өлкө аймагында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор

Чүйдө очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык кечээ, 5-апрелде саат 21:14тө өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Каиңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында – 3,5 баллга жеткен.

Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында – 3 баллга чейин сезилген.

 

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Айбек Осмонов көйгөйлүү үч маселе боюнча тапшырма берди

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов  бүгүн, 6-апрелдеги пленардык жыйында 3 маселе козгоп, министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берди.   Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чоң Чүй каналына 25 млн сом бөлүнгөн. Өткөн жума каналды бетондоо боюнча иш башталып, бирок, ал эртеси күнү эле токтоп калган.   Ош шаарындагы Озгур айылында жер чырынан […]

Сизге жагышы мүмкүн