Дыйкандарга 5,6 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди

Автор

Кыргызстанда 2023-жылдын 20-октябрына карата агроөнөр жайга 5,6 млрд сомго 4 миң 40 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу  Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,  «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү.

Алар:

– «Айыл Банк» ААКна – 11,1 млрд сом;

– «РСК Банк» ААКна – 5,9 млрд сом.

Белгиленгендей, банктарга бөлүнгөн бул каржаттар агроөнөр жай ишкерлерине жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн каралат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ооруканалар толуп калды: Кытайда жаңы вирус чыктыбы?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдагы эпидемиологиялык абал боюнча конференция өткөрдү, анда жүздөгөн балдар белгисиз пневмонияны жуктуруп алышкан. Кытай тараптын айтымында, балдар буга чейин изилденген оорулар менен жабыркап, жаңы эпидемия тууралуу сөз жок экендиги белгиленди. Кытайдын түндүгүндөгү ооруканалар белгисиз суук алуу менен ооруган балдарга толуп калганы тууралуу маалымат бир нече күн […]

Сизге жагышы мүмкүн