Айбек Осмонов көйгөйлүү үч маселе боюнча тапшырма берди

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов  бүгүн, 6-апрелдеги пленардык жыйында 3 маселе козгоп, министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берди.

 

  1. Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чоң Чүй каналына 25 млн сом бөлүнгөн. Өткөн жума каналды бетондоо боюнча иш башталып, бирок, ал эртеси күнү эле токтоп калган.

 

  1. Ош шаарындагы Озгур айылында жер чырынан улам Ош шаарынын вице- мэри менен кеңешчиси кызматтан кетти. 2016-жылы бир шылуун Озгурдан 87 гектар жерди алып алыптыр. Гипроземдин негизинде берилген деп жатат, муну укук коргоо органдары текшерип, чара көрүшү керек.

 

  1. Ош шаарындагы таза суу маселеси. Кабмин бул маселени көңүл артында калтырбашы керек.

 

Эл өкүлүнүн көтөргөн 3 маселеси бүгүнкү күндүн олуттуу проблемасы. Коомчулук да, көз салып турганы анык.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 6-9-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн